Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков эркин журналист Ыдырыс Исаковду дебатка чакырды.
Ал 3-октябрда соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Исаков айыл чарба жаатында көп сындарды айтып, бир тараптуу гана маалымат берип жатканын белгиледи.
"Сиз министрлерди дебатка чакыра албайсыз. А мен дебатка чакырам. 7-октябрь күнү бир саат убактымды бөлүп берем. Суроолорго ачык жооп берүүгө дайынмын",- деди айыл чарба министри.