Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия оюндарында мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай калганын айтты.
"2023-жылы Азия оюндарында чемпион аталгам. Бул ирет коло байгенин ээси болуп отурам. Бул жактан жакшы даярдык менен бардык. Жакшы беттештерди өткөрдүк. Кээ бир учурларды кармай албай калып, ката кетирип алдым десем болот.
Жакында Астанада Дүйнө чемпиондугу өтөт. Даярдык жакшы. Ал жакта жакшы ийгилик жаратабыз деген үмүттөбүз",- деди ал.