Бүгүн, 5-октябрда "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземинде көрүүчүлөрдүн орундуктарына атайын жарык берүүчү билериктер коюлган. Бул тууралуу МИКтин басма сөз бөлүмүнүн башкы адиси Ормон Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, мындай билериктер буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында колдонулуп, иш-чаранын көркүн ачкан.
Көрүүчүлөргө билериктерди ачылыш аземи учурунда тагынып отуруу, ал эми иш-чара соңунда чыгып бара жатканда кайра орундукка таштап кетүү сунушталды.