Бүгүн, 5-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, анда өкмөт башчы өлкөдө билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана педагогдордун эмгек шарттарын жакшыртуу иштери мындан ары да улантыларын белгиленди.
“Урматтуу билим берүү кызматкерлери, кадырлуу мугалимдер жана педагогдор! Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Билимди бир тамчыдан жыйнап океанга айланткан, муундан муунга өткөргөн, жаңы муундарды таптап, тарбиялаган, билим берген тарбиячылардын, мугалимдердин, илимий кызматкерлердин жана башка адистердин эмгеги баа жеткис.
Эң мыкты устат менен эң мыкты шакирт жолукканда гана керемет натыйжа болот. Андыктан, урматтуу мугалимдер, окутуучулар, доценттер, профессорлор, сиздердин окуучулардын, студенттердин илимге, билимге болгон умтулуусу күчтүү болуп, биргелешкен аракет менен жүрөк кубанган ийгиликтерге жетүүңүздөрдү каалайм. Сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин арты менен бүтүрүүчүлөрүбүздүн жалпы республикалык тестирлөөдөгү жыйынтыктары жылдан-жылга жогорулап, алардын алдыңкы жогорку окуу жайларга жол алуусуна шарт түзөрүнө терең ишенем.
Күчтүү, өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү мамлекетти куруу жолунда билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап технологияларды жана жаңы окутуу ыкмаларын киргизүү, педагогдордун жана жалпы тармак кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм! Эмгегиңиздер ар дайым татыктуу бааланып, демиңиздерге дем, ишиңиздерге ийгилик коштолсун. Үй-бүлөңүздөрдө тынчтык, ынтымак жана кут-береке болсун!",- деп айтылат куттуктоодо.