Бишкекте 41 жаштагы Урматбек Абдылдаев дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу калаанын Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 15-сентябрда саат 13:00 чамасында Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Акыркы жолу анын жүргөн жери Жибек жолу жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Өзгөчө белгилери: бою 165-168 сантиметр.
Кийген кийими: кара түстөгү спорттук костюм, боз түстөгү кепка.
Абдылдаев тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү номерлерге байланышып койсо болот: 0 (312) 43-32-75, 0500 43-28-15 же 102.