XX жайкы Азия оюндары Японияда өттү. Бул мелдешке Борбор Азия өлкөлөрүнүн да спортчулары катышты.
Коңшулардан эң көп медаль топтоп, алдыга чыккан Өзбекстан болду. Өзбекстан 21 алтын, 25 күмүш, 24 коло байге менен жалпы командалык эсепте бешинчи орунду алды. Ал эми Казакстан 12 алтын, 24 күмүш, 48 коло менен Борбор Азияда экинчиликти алса, жалпы эсепте сегизинчи орунду багындырды.
2 алтын, 5 күмүш, 9 коло медаль топтогон Тажикстан 22-орунду, 2 күмүш медаль алган Түркмөнстан 31-орунду ээледи. Бул жолку Азия оюндарында Кыргызстан 1 алтын, 3 күмүш, 10 коло менен 26-орунга жайгашты.