SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маск SpaceXAI (жасалма интеллект) бөлүмүнүн атын SpaceXSI (суперинтеллект) деп өзгөртүүнү пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, Маск социалдык тармактагы колдонуучунун суроосуна жооп берип, аталыш өзгөртүлөрүн тастыктаган. Бирок өзгөртүү качан ишке ашары азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп жасалма интеллекттин ордуна "суперинтеллект" деген терминди колдонуу керектигин айткан.