Биз социалдык тармакта

Токмокто өспүрүм айдоочу сүзүп алган 2 аял каза тапты

Токмок шаарында 17 жаштагы өспүрүм айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1-октябрда саат 22:24 чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын башкарып бара жатып, жол четинде бара жаткан 66 жана 59 жаштагы аял кишилерди сүзүп алган. Алар алган жаракаттарынан улам каза табышкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан