Биз социалдык тармакта

"Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Агартуу министрлиги 5-октябрда “Жылдын мыкты мугалими – 2026” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталганын билдирди.
Ага ылайык, баш байгеге Ысык-Көл районундагы Тамчы жалпы билим берүү мектебинин диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Меруэт Бакирова ээ болду.
Сынактын номинациялары боюнча жеңүүчүлөр:
  • Башталгыч класстардын мыкты мугалими — Сүйүмкан Мийзамова Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Бөжөк Бегиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими — Бермет Алекова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Калиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими — Миргүл Кадырова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Мамакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Мыкты математика мугалими — Нурия Орузбаева Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы зээндүү балдардын жатак-мектебинин мугалими.
  • Мыкты тарых мугалими — Зарина Абдрахманова Чүй облусунун Сокулук районундагы Алымкул Жакшылыков атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • “Адам жана коом” предмети боюнча мыкты мугалим — Борончу кызы Гүлзат, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тынаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Мыкты чет тили мугалими — Айжан Гафарова Ош шаарындагы №27 партсъезд атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Мыкты физика-астрономия мугалими — Азамат Жаманкулов Чүй облусунун Москва районундагы №3 Беловодск жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Мыкты информатика мугалими — Калбүкан Турарова Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Мыкты география мугалими — Эльвира Мамбетказиева Нарын шаарындагы №4 Эсенгул Ибраев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мыкты мугалим — Эшимбек кызы Айсулуу, Нарын облусунун Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Мыкты музыка мугалими — Абдурасул Сандыбаев Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Гагарин атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим — Алтынай Көчөрбаева Чүй облусунун Кемин районундагы Белек Солтоноев атындагы Тегирменти жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
  • Аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим — Ашимжан Кебеков Ош шаарындагы №35 Атабаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан