Индиянын Чхаттисгарх штатында кабылан турак үйгө кирип, бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнө кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, окуя Махасамунд округундагы айылдардын биринде кечкисин болгон. Кабылан үйгө кирип, алты адамга кол салгандан кийин, үй-бүлө мүчөлөрү жаныбарды бөлмөлөрдүн бирине камап коюшкан.
Окуя болгон жерге полиция, токой чарбасынын кызматкерлери жана куткаруучулар келип, кабыланды кармап, үйдөн алып чыгышканы белгилүү болду.
Жабыркаган алты адамдын баары ооруканага жеткирилип, алардын үчөө оор жаракат алганы кошумчаланды.