Биз социалдык тармакта

Жорже Жезуш Роналдудан кечирим сураганын четке какты

Португалиянын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Жорже Жезуш Криштиану Роналдудан кечирим сураганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жезуш Норвегияга каршы Улуттар лигасынын беттешинде Роналдуну дене-бойду жибитип турууга жөнөтүп, бирок кийин оюнга чыгарбай койгонун өзү чечкенин айткан.

"Мен эч кимден кечирим сурабайм. Бул чечим үчүн жоопкерчиликти өз мойнума алам. Бирок эмнеге кечирим сурашым керек? Бул калп",- деди машыктыруучу.

Буга чейин Жезуш жеке сүйлөшүүдө Роналдудан кечирим сураганы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок машыктыруучунун соңку билдирүүсү бул маалыматка карама-каршы келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан