Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен жана Ысык-Көл облустары боюнча адистери жетишсиз. Муну парламенттин Социалдык саясат комитетинин 4-февралдагы жыйынында аталган фонддун башчысы Гүлнара Шакирова билдирди.
“Мен фондго жетекчи болуп келгенден бери кызматкерлердин айлыктары жогорулай элек. Аз өлчөмдөгү маяна менен дарыгер, эксперттерди жумушка тарта албайбыз”,- дейт ал.
Жыйында депутаттар фонддун кызматкерлеринин айлыгын кыскартуу боюнча пикир айтышкан эле.