UFC уюмунун жарым орто салмактагы чемпиону Ислам Махачев Бишкекке келди. Орусиялык мушкерди "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алгандар анын өнөктөш экенин белгилешти. Себеби толук айтылган жок.
Буга чейин Махачев Кыргызстанга келерин айтып, кыргызстандык спортчулардын дараметин жогору баалаган. Ал өзгөчө UFC мушкери Мыктыбек Оролбайды жана көк бөрү оюнун белгилеген.