Биз социалдык тармакта

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында "Ош клиникасы" заманбап медициналык борборунун ачылыш аземи өттү.
Ош калаасынын мэриясы кабарлагандай, медициналык борбор жалпы 110 бейтапты кабыл алууга даяр. Ошондой эле 120 жумуш оруну түзүлгөн. Кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология, жалпы хирургия багыттары боюнча дарылоо жүргүзөт.
Борбор Ош шаарынын гана эмес, жалпы түштүк аймагынын тургундарына заманбап медициналык жардам көрсөтүп, татаал ооруларды жеринде дарылоого жана жарандардын чет өлкөгө барып дарылануу зарылдыгын азайтууга мүмкүндүк берет. Долбоорго Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду колдоо көрсөткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан