Биз социалдык тармакта

Улуттук банк 2 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту

Улуттук банк 28-сентябрдан 2-октябрга чейин мыйзам талаптарын бузган жарандарга жана акча алмаштыруучу жайларга карата чара көрдү.

Мекеменин маалыматына ылайык, 4 жаранга 17 миң 500 сомдон, ал эми 1 кредиттик бирикмеге 55 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле Бишкектеги "Лекс Финанс" жана "Алинур кейджи" акча алмаштыруучу жайларынын лицензиялары убактылуу токтотулду.

Мындан тышкары, "Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фонду микрокредиттик агенттиги" коомдук фондун өзүн-өзү жоюу чечими кабыл алынып, анын күбөлүгү 30-сентябрдан тартып күчүн жоготту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан