Кыргызстандык манасчы Эмил Ишен кечээ, 4-октябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында аткарылган "Манастын" уландысын даярдап жатканын жазды.
Ал элдин өтүнүчү боюнча чыгарманы узагыраак кылып даярдаганын белгиледи.
"Элдин суроосу боюнча Көчмөндөрдүн ачылышындагы Манасты узагыраак кылып даярдадым. Видеосун тартып, жакында чыгарабыз",- деп жазды ал.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде аксакал образындагы актёр "Манас" эпосунан үзүндү аткарган. Ал үн "Үркөр" тобунун солисти Эмил Ишенге таандык экени кийин маалымдалып, көрүүчүлөрдүн зор суктануусун жаратып келет.