Бүгүн, 5-октябрда төрага Марлен Маматалиев ар кыл тармактын алдыңкыларына Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргызстандын башкы байлыгы - эл. Ошондуктан элибиздин бакубат жашоосу үчүн кам көрүп, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай иш алып баруубуз кажет. Мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого алып, ар бир адис өз тармагында гана өлкөбүздө өнүгүү болот",- деди ал.
Белгилей кетсек, сыйлыктар билим берүү, медицина, спорт, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, маданият жана коомдук ишмердүүлүк тармагында үзүрлүү эмгектенип келген мыкты адистерге тапшырылды,