
BAKAI Hong Kong Monetary Authority (HKMA) тарабынан Restricted Licence Bank категориясындагы банктык лицензияга ээ болуп, банктын эл аралык өнүгүүсүндө жана Кыргызстандын Азиядагы финансылык катышуусунда жаңы этапты баштады.
Бул кадам BAKAI'нин эл аралык катышуусун жаңы баскычка чыгарып, Кыргызстан, Борбор Азия жана Азия-Тынч океан аймагындагы ири рыноктордун ортосунда түз финансылык көпүрө түзөт.
Гонконгдо банктык макамга ээ болуу BAKAIнин өнүгүүсү үчүн гана эмес, кыргызстандык бизнестин эл аралык рыноктордогу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн да маанилүү этап. Жаңы багыт BAKAI BANK Hong Kongго Борбор Азия менен Азиянын ортосунда иш алып барган компаниялар үчүн трансчегаралык соода, эл аралык эсептешүүлөр жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
«BAKAI'нин Гонконгго чыгышы биздин кардарлар жана Кыргызстандын бизнеси үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан стратегиялык кадам. Биз эл аралык финансылык инфраструктураны, соода жүргүзүүнүн жана эсептешүүлөрдүн заманбап ыкмаларын өлкөбүздүн ишкерлери үчүн жакын жана жеткиликтүү кылууну көздөйбүз. Биз үчүн бул BAKAI ишмердүүлүгүнүн географиясын кеңейтүү гана эмес, Кыргызстан, Борбор Азия жана Азиянын ири рынокторунун ортосунда жаңы финансылык көпүрө түзүү мүмкүнчүлүгү», деп белгиледи BAKAI Башкармасынын Төрагасы Тимур Ибрагимов.
Борбор Азия менен Азиянын ортосундагы жаңы финансылык көпүрө
Гонконг дүйнөдөгү алдыңкы финансылык жана соода борборлорунун бири болуп саналат. Ал эл аралык капитал агымында жана Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө маанилүү роль ойнойт.
BAKAI BANK Hong Kong эл аралык банктар, финансылык институттар, ошондой эле Азия менен Борбор Азиянын ортосунда бизнес жүргүзгөн соода жана өндүрүш компаниялары менен түз кызматташууга шарт түзөт.
Кыргызстандык компаниялар үчүн бул импортту, экспортту жана трансчегаралык сооданы өнүктүрүүгө зарыл болгон заманбап эл аралык финансылык инфраструктурага жана кызматтарга кеңири жол ачат.
BAKAI BANK Hong Kong коммерциялык ишин баштагандан кийин төмөнкү багыттар боюнча чечимдерди өнүктүрөт:
Эл аралык команда жана инфраструктура
BAKAI BANK Hong Kong ишин баштоого даярдык көрүп жатат. Эл аралык команда түзүлүп, эл аралык банк рыногунун талаптарына жана стандарттарына ылайык зарыл технологиялык жана операциялык инфраструктура даярдалды.
Жакынкы убакта BAKAI BANK Hong Kong Борбор Азия менен Азия рынокторунун ортосунда эл аралык соода жүргүзгөн жана бизнесин өнүктүргөн компаниялар үчүн жаңы продукттарды жана финансылык чечимдерди сунуштай баштайт.
BAKAI BANK Hong Kongду Лондон, Сингапур, Дубай жана Гонконг сыяктуу ири финансылык рыноктордо 25 жылдык иш тажрыйбасы бар эл аралык банкир Andreas Meletiou жетектейт.
BAKAI BANK Hong Kong кеңсеси Гонконгдун негизги ишкердик райондорунун бири болгон One Taikoo Place, Quarry Bay дарегинде жайгашкан. Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр.
BAKAI BANK Hong Kongдун өнүгүшү Кыргызстандын бизнесин глобалдык финансылык система жана Азия рыноктору менен тыгыз интеграциялоого негиз түзөт.
Кытай, Гонконг жана Азия-Тынч океан аймагындагы башка өлкөлөр менен иш алып барган кыргызстандык ишкерлер үчүн бул эл аралык сооданын муктаждыктарына түздөн-түз ылайыкталган банктык жана финансылык чечимдерге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
BAKAI BANK Hong Kong үчүн бул кадам эл аралык инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн ички рыногунан тышкары кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү стратегиясынын бир бөлүгү.
Бүгүн BAKAI BANK Hong Kong Кыргызстандын эл аралык финансылык мейкиндиктеги катышуусун кеңейтип, Борбор Азия менен Азиянын ири рынокторунун ортосунда кызматташуунун кошумча каналын түзүүдө.
Учурда BAKAI BANK Hong Kong командасы коммерциялык ишин баштоого даярдыкты аяктап жатат. Андан соң кардарларга тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн жаңы эл аралык мүмкүнчүлүктөр жана финансылык чечимдер этап-этабы менен сунушталат.