Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлор жана башка синтетикалык каражаттар тазаланып жатат. Бул тууралуу 5-октябрда ӨКМден билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иштер 28-сентябрда башталган.
Бүгүнкү күнгө карата суу сактагычтан жалпы 12 100 метр мыйзамсыз салынган синтетикалык тор жана башка таштандылар чыгарылды.