Учурда Бишкек шаарындагы «Бишкек Аренада» стадиондун расмий ачылышына арналган масштабдуу концерттик программа өтүп жатат.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын белгилүү диджейи King Macarella да сахнага чыгып, көрүүчүлөргө өзүнүн музыкалык чыгармаларын тартуулоодо.
King Macarella — өзбек диджейингиндеги белгилүү ысымдардын бири. Анын чыгармаларында заманбап электрондук музыка менен улуттук музыкалык мотивдер айкалышат. Буга чейин ал Ташкенттеги ири концерттик аянтчаларда, анын ичинде Humo Arena'да жеке концерттерин өткөргөн.
«Бишкек Арена» расмий түрдө бүгүн, 5-октябрда ачылууда. Ачылыш аземинде Кыргызстан жана Борбор Азиянын бир катар белгилүү артисттери өнөр көрсөтөт.