Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан Кыргызстан экономикалык пайда көрүп жатат деген жоромолдор жалган экенин айтты.
Президент бүгүн, 5-октябрда "Бишкек Аренанын" ачылышында чет элдик басылмалар ушундай жоромолдорду жазып жатканын белгиледи.
"2021-жылдын аягынан бери экономикабыз түшпөй келе жатат. Биз экономикабызды кримчөйрөнү жок кылганыбыздан, коррупция менен күрөшүп жатканыбыздан улам көтөрүүдөбүз", - деди мамлекет башчысы.