Биз социалдык тармакта

Ош шаарында шаар күнүнө карата улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү  

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштар арасында жайылтууга багытталган мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көк бөрү боюнча Ош облусунун жаштар чемпиондугуна 18–23 жаштагы оюнчулардан түзүлгөн 7 команда катышты. Үч күнгө созулган мелдеште Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Алай райондорунун жана Ош шаарынын командалары күч сынашты.

Жыйынтыгында Кара-Кулжа районунун командасы 1-орунду, Кара-Суу району 2-орунду, Өзгөн району 3-орунду, Ноокат району 4-орунду ээледи.

Мындан тышкары, ат чабыш боюнча да мелдеш өтүп, улуттук ат оюндарынын үч түрүндө күлүктөр жарышты.

Батакур чабышта 6 миң метр аралыкта Талас облусунан келген Дубай аттуу аргымак биринчи орунду ээлеп, Ош шаарынын мэринин кубогу жана 50 миң сом акчалай сыйлык алды.

Кунан чабышта 12 миң метр аралыкта Ысык-Көл облусунун Ландо аттуу аргымагы жеңишке жетип, мэрдин кубогу жана автоунаа менен сыйланды.

Ал эми 25 миң метрлик аламан ат чабышта Ысык-Көл облусунан келген Ак-Байпак аттуу аргымак марага биринчи болуп келип, мэрдин кубогу жана автоунаага ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан