Бишкектин Тунгуч кичи районундагы курулуш объектисинде мурда казылган котлован толугу менен жабылып, аймак талапка ылайык келтирилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүү учурунда жер казуу иштери долбоордук чечимдерден четтөө менен жүргүзүлүп, жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучу жаралганы аныкталган.
Мындан улам подряддык уюмга 200 миң сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында котлован жабылып, аймак коопсуз абалга келтирилди.