Бүгүн, 4-февралда парламенттин Билим берүү, илим,
маданият жана спорт боюнча комитетинин отурумунда Наталья Никитенко
“Улуттук
архив фондуна жетиштүү каражат бөлүнбөй келет” деп билдирди.
Анын айтымында,
архивдердин имараттары кыйроо абалында турат. “Аларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү
дайыма үчүнчү же төртүнчү орунда турат. 6 имараттын ичинен бири гана капиталдык
оңдоодон өтүүчү катары жазылган. Бул багытты изилдеп чыгып, конкреттүү план
түзүү зарыл. Бул маселени 2015-жылга чейин чечүү жана ал жерде
иштегендердин айлык маянасын жогорулатуу керек”,- деди ал.
Каржы министринин
орун басары Арзыбек Кожошев жакынкы жылдарда айлык акы көбөйтүлөрүн айтты. “Архивде
эмгектенгендердин маянасын 3 жылдын ичинде этап менен көтөрүүнү пландап жатабыз”,-
деди Кожошев.