Кечээ, 5-октябрда "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтүп, анда ырдаган орусиялык ырчы Элман кийин социалдык тармактагы баракчасында кыргызстандыктарга болгон ыраазычылыгын билдирген пост жарыялады.
"Рахмат, Бишкек! Укмуштуудай 65 миң көрүүчү. Эми ушул сахнага жеке концертим менен келүүнү кыялданып жатам",- деп жазды ырчы.