Биз социалдык тармакта

Кореяда кыргызстандыктардын катышуусунда мушташ катталганы айтылууда (видео)

Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында чет элдиктер катышкан массалык мушташ болуп, шектүүлөрдүн катарында кыргызстандык жаран да кармалды. Бул тууралуу Yonhap жергиликтүү полицияга таянып жазды.

Окуя 3-октябрда, түнкү саат 23:40 чамасында көп кабаттуу үйлөрдүн балдар ойноочу аянтында болгон. Полициянын маалыматына караганда, мушташка болжол менен 15 адам катышып, айрымдар колдоруна таяктарды көтөрүп жүрүшкөн. Видеодо топ жигиттер бир адамды уруп жатышканын көрүүгө болот.

Окуя болгон жерден кетүүгө аракет кылган 20-29 жаштагы Кыргызстандын жана Орусиянын жарандары кармалды. Экөө тең жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Кармалгандар мушташка катышпаганын айтып, аларга кол салуу болгонун билдиришкен. Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп, мушташка катышкан башка адамдарды издеп жатат.

Пхёнтхэкте кыргызстандыктардын катышуусунда мушташ катталганы айтылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан