Биз социалдык тармакта

Физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгынын ээлери аныкталды

Физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгын жарыкты сезгич иондук каналдарды изилдегени жана оптогенетика методун өнүктүргөнү үчүн германиялык илимпоздор Карл Дайссерот, Петер Хегеманн жана Георг Нагел алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Адамдын мээсинде 86 миң нейрондук клеткалар бар. Алардын кайсынысы адамдын сезимдерине, эс тутумуна таасир берери белгилүү эмес болчу. Ал эми германиялык окумуштуулар бул системди толук изилдеп чыгышканы маалымдалды.

Ошондой эле бул ачылыш менен нерв системдеринин айрым нейрондорун жана бүтүндөй нерв чынжырларын токтотуп, кайра калыбына келтирүүгө болот.

Илимде чоң бурулуш жасаган оптогенетика ыкмасы жөнөкөй гана лабораториялык тажрыйба бойдон калган жок. Бүгүнкү күндө дүйнө окумуштуулары бул ыкманын жардамы менен көзү көрбөй калган адамдардын көрүүсүн калыбына келтирүү үстүндө иштеп жатышат. Мындан тышкары, оптогенетика Паркинсон, депрессия жана шизофрения сыяктуу оор психикалык ооруларды дарылоонун жаңы жолдорун табууга чоң үмүт берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан