Жаңы Зеландиядагы окумуштуулар чоң чегирткенин (ветапунга) көбөйүүсүн калыбына келтирүү максатында, аларды жаратылышка коё беришти. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, чегирткенин бул түрү бир кезде Литл-Барриер аралында гана сакталып, дээрлик жок болуп кетүү коркунучунда турган. Анын саны токойлордун кыйылышынан жана келемиштер менен арс чычкандардын көбөйүшүнөн кескин азайган.
15 жылдык асылдандыруу иштеринин жыйынтыгында окумуштуулар 11 миңдей чоң чегирткени жаратылышка коё беришкени маалым болду.