Нарын облусунда Ак-Сай - Арпа жайлоосунун "Сөөк" тилкесинен ок атуучу куралды тиешелүү уруксат документтерисиз алып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдап, факт браконьерликке каршы рейд учурунда аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, жаранга аңчылык эрежелерин бузгандыгы үчүн 12500 сом айып пул салынды.