Биз социалдык тармакта

Өзбекстанда өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу каралууда

Өзбекстандын Сенаты 2-октябрдагы жыйынында 14 жашка чейинки балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү боюнча мыйзамды жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзамга ылайык, мындай кылмыш үчүн 25 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралат. Ошондой эле бул категориядагы кылмыштарга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

Бул мыйзам Наманган облусунда бала бакчада 5 жаштагы кыз зордукталганы боюнча резонанстуу окуядан кийин көтөрүлдү. Шектүү катары 52 жаштагы бала бакчанын чарба башчысы кармалган.

Мындан тышкары, мыйзам балдарга юридикалык жардам көрсөтүү, жабырлануучуларды суракка алуу процессин видеого тартуудагы эрежелер жана аларды кайрадан психологиялык жактан жаракат алуусуна жол бербөө боюнча кошумча чараларды камтый тургандыгы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан