Биз социалдык тармакта

Франциядагы митингдин кесепетинен 600дөй мектептин иши үзгүлтүккө учурады (видео)

Францияда мектеп окуучуларынын митинги уланууда. Бул тууралуу France24 билдирди.

Өлкөнүн Юстиция министрилиги билдиргендей, азыркы тапта кармалгандардын саны 5 миңден ашкан. Алардын ичинен 1802сине кылмыш иши козголду.

Билим берүү министри Эдуара Жеффреянын айтуусу боюнча, нааразычылык акциясы учурунда 190 мектеп окуучусу жаракат алып 589 билим берүү мекемесинин иши токтотулду.

5-октябрь күнү 15 жаштагы мектеп окуучусу милициянын электр сокку берүүчү гранатасын уурдап жатып колу үзүлүп кеткен. Бул тууралуу Ленс шаарынын өкүлү журналисттерге билдирген.

Париждин мэри Эммануэль Грегуар акциялардагы мындай зордук-зомбулуктарды кескин айыптады. Өз билдирүүсүндө мэр: "Жаштардын бири да жаракат алуу коркунучуна кабылбашы керек. Жаштарга өз пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бериш кажет. Тынчтык демонстрацияларына болгон укук аларда эркин болушу керек",- деп баса белгиледи.

Эскерте кетсек, мектеп окуучуларынын нааразычылык акциясы сентябрь айынын аягынан бери уланууда. Мындай акцияга чыгуунун себеби деп мектептеги мугалимдердин жетишиздиги, сабактын тизмеси жыш жана бир класста абдан көп окуучу болгондугу айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан