Биз социалдык тармакта

Өзгөндө мал союучу жайдын саркынды суулары каналга агып жатканы айтылды (видео)

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жаңы-Жол айылынын тургундары мал союучу жайдан чыккан саркынды суулар каналга агып жатканын билдирип чыгышты. Аталган жагдайдын видеосу интернет желесине тарап жатат.

Алардын айтымында, окуя 5-октябрга караган түнү саат 03:30 чамасында болгон. Тургундар агынды сууда малдын каны, саркынды суу жана башка калдыктар болгонун, анын кесепетинен жагымсыз жыт тараганын айтышууда.

Айыл тургундары бул агындылар ичүүчү суу пайдаланылган каналга кошулуп жатканын айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарды жеринде текшерүү жүргүзүүгө чакырышты.

Өзгөндө мал союучу жайдын саркынды суулары каналга агызылып жатканы айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан