"Бишкек Аренанын" эң бийик жеринде отуруп алгандар - жумушчулар болуп чыкты. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда кечээ, 5-октябрда “Бишкек Арена” стадионунун бийиктигинде бир нече адам отургандыгы тууралуу видео тараган. Бул факт боюнча Ленин райондук милициясы текшерүү жүргүздү.
Текшерүүдө видеодогу адамдар объектте бийиктикте иш аткарган уюмдун кызматкерлери экени аныкталды. Уюмдун администрациясы алар мекеменин кызматкерлери экенин жана өздөрүнүн кызматтык милдеттеринин алкагында иштерди аткарып жатышканын тастыктады.