Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында массалык мушташта Кыргызстандын бир нече жараны денесинен жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, 4-октябрда аталган шаарда Кыргыз жарандары менен орусиялыктардын ортосунда массалык мушташ катталганы боюнча видео тарап, жергиликтүү басылмалар маалымат берген.
ТИМ билдиргендей, ошол эле күнү Кыргызстандын Кореядагы консулу окуя болгон жерге барып, кармалган кыргыз жарандары, жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана дарыгерлер менен жолуккан.
"Жаракат алган мекендештердин абалына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Жаракат алган жана кармалган Кыргыз жарандарынын туугандары менен байланыш түзүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Жогоруда аталган маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат",- деп белгиленди маалыматта.
Видео: Интернеттен алынды