Түркия менен Пакистан Сауд Арабиясына аскер күчтөрүн жөнөтөт. Бул тууралуу үч өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери Меккенин коргонуу альянсынын кечээ, 5-октябрда өткөн кезексиз жыйынынан кийин маалымдаганын чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, тараптар Сауд Арабиясынын коопсуздугу - үч өлкөнүн жалпы коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү экенин белгилешти.
Белгилей кетсек кечээ, 5-октябрда Сауд Арабиясы колдогон Йемен өкмөтүнүн күчтөрү хуситтер ээлеп турган аймактарды кайтарып алуу үчүн ири аскердик операция баштады.