Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов 3-декабрга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматта райондук сот аны камакка алуу чечимин кечээ, 5-октябрда кабыл алганы айтылат. Сулайманов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталууда. Ал Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. Азырынча ИИМ бул боюнча расмий маалымат бере элек.