LMFAO тобунун солисти, америкалык музыкант Redfoo "Бишкек Аренага" суктанганын билдирди. Ал мындай билдирүүсүн соцтармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Жаңы "Бишкек Арена" чындап эле укмуш! Бүгүн кечинде бул жерге келген бардык күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем",- деп жазды ал.
Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтүп, анда Redfoo иш-чаранын башкы хедлайнери катары ырдады. Интернет желесинде ал сахнага чыккан учурда көрүүчүлөр азайып, бир ууч күйөрман калганы талкуу жаратууда.