Биз социалдык тармакта

Армениянын депутаттары жакалашып жаңжалдашышты (видео)

Армения парламентинин бүгүн, 6-октябрдагы жыйынында мушташ чыкты. Мушташка бийликчил "Жарандык келишим" партиясы менен каршы тараптагы "Күчтүү Армения" партиясынын өкүлдөрү катышты.

Жаңжалга Эдгар Казаряндын парламент төрагасынын орун басары Рубен Рубинянды мамлекеттик каражаттарды уурдоого айыптоосу себеп болгон. Рубинян анын айткандары күн тартибине туура келбейт деген негизде Казаряндын микрофонун өчүрүп салган.

Андан кийин "Жарандык келишим" партиясынын депутаты Вахе Галумян "Күчтүү Армениянын" өкүлү Вагинак Вартановду бир нече жолу түртүп жиберген. Ушундан улам чыр күчөп, мушташка айланган.

Жыйындар залынан бул талашка коопсуздук кызматкерлери арача түшкөн. Бирок мушташ парламент имаратынын коридорлорунда да уланган.

Армениянын депутаттары массалык мушташ кылышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан