Биз социалдык тармакта

Шакиранын концертине акысыз билет сурагандар көбөйгөнү айтылды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын Бишкекте өтө турган концертине акысыз билет жана чакыруу сурагандар көп болуп жатканын билдирди.

Ал мындай кайрылуулар кечээ, 5-октябрдагы "Бишкек Аренанын" ачылышынан кийин башталганын белгиледи.

"Бул коммерциялык жана киреше алып келе турган жеке долбоор. Ал эми мамлекетке стадионго төлөнчү ижара акысы, сатылган билеттен түшкөн пайданын үлүшү сыяктуу кирешелер калат. Эч кимге акысыз билет же чакыруу берилбейт. Андыктан, каалоочулар азыртан билет сатып алуунун камын көрө берсеңиздер болот",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан