Биз социалдык тармакта

"Ты супер! Кыргызстан" өлкө чегинен чыгып, орусиялык жылдыздардын көңүлүн бурду

"Ты супер! Кыргызстан" вокалдык долбоорунун жаш таланттары көрүүчүлөрдү гана эмес, Орусиянын белгилүү ырчылары менен продюсерлерин да таң калтырууда. Кыргызстандык балдардын өнөрү орусиялык ырчы Ёлка менен продюсер, композитор жана долбоордун калыстарынын бири Максим Фадеевдин көңүлүн бурду. Алар долбоордун катышуучуларынын өнөрүн социалдык тармактагы баракчаларына бөлүшүп, жаш таланттарга колдоо көрсөтүштү.

Максим Фадеевди долбоордун катышуучусу Семетей Акынбековдун аткаруусу өзгөчө таасирлентип, жаш ырчынын шарты жок чакта да чыгармачылык менен алектенгени суктандырды.

"Семетей Кыргызстандын алыскы тоолуу аймагында малчы жана мугалимдин үй-бүлөсүндө жашайт. Ал мектепте окуп, ырдап, пианинодо ойнойт. Бирок чыгармачылыгын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү. Атасы ооруп, учурда ооруканада дарыланууда. Үй-бүлөнүн негизги түйшүгү апасына жүктөлгөн. Мени Семетейдин музыка менен алектенүүгө, өсүүгө жана сахнага чыгууга болгон каалоосу өзгөчө таасирлентти. Мындай балдар чыныгы талант жана музыкага болгон сүйүү бардык жерде жаралышы мүмкүн экенин көрсөтөт. Мүмкүнчүлүк аз болгон жерде да таланттуу балдар өсүп чыга алат. Семетей, бул аткарууң үчүн сага рахмат. Музыка менен алектенүүнү токтотпой, мындан ары да уланта беришиңди каалайм",- деп жазган Фадеев.

Ал эми популярдуу ырчы Ёлка "Ты супер! Кыргызстан" долбоорунун катышуучусу Аруна Шайсыновага көңүл бөлдү. Ал ырчынын "Около тебя" аттуу хит ырын аткарды. Ёлка социалдык тармактагы баракчасына катышуучунун видеосун бөлүшүп, жаш ырчыга ийгилик каалады.

Белгилүү өнөр адамдарынын мындай колдоосу долбоордун катышуучулары үчүн дем берип, алардын талантын ачууга жол ачат.

Маалымат үчүн: "Ты супер! Кыргызстан" - 2026-жылдын күзүндө Номад ТВ телеканалында старт алган балдар арасындагы масштабдуу вокалдык долбоор. Уюштуруучуларга өлкөнүн бардык аймактарынан 1500гө жакын арыз түшкөн. Ал эми тандоо сынактарынан кийин 7 жаштан 18 жашка чейинки 40 бала долбоордун финалисти болгон.

Долбоордун төрт чыгарылышы буга чейин эфирге чыкты. Алдыда жаш ырчылардын жаңы аткаруулары күтүп турат. Алар өздөрүнүн үнү жана кызыктуу окуялары менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк табуунун аракетин көрүшөт.

"Ты супер! Кыргызстан" долбоорун ар ишемби күнү Номад ТВ каналынан көрүүгө болот.

"Ты супер! Кыргызстан" өлкө чегинен чыгып, орусиялык жылдыздардын көңүлүн бурду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан