Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын Бишкекте өтө турган концертине кирүү үчүн сатыктагы билеттер түгөнгөнү калганын билдирди.
"Шакиранын концерти Борбор Азияда алгачкы жолу өтүп жаткандыктан, коңшу өлкөлөрдөгү күйөрмандары да билеттерди активдүү сатып алышууда. Көпчүлүк бөлүгү сатылып кетиптир, жакын арада толугу менен түгөнүп калышы да мүмкүн.
Бул концерт үчүн Кыргызстанга миңдеген туристтер келет, алар мейманканалардын, таксилердин, дүкөндөрдүн жана башка жергиликтүү тейлөө кызматтарын пайдаланып, ишкерлерге оң таасирин берет",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Орунбеков ошондой эле концертке акысыз билет сурагандар көбөйүп жатканын айтты.