Орусияда эмгектенген 10 кыргызстандыкка төлөнбөй келген айлык акылары өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Эмгек министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алар эмгек акыларын ала албай жүрүшкөн. Министрликтин кийлигишүүсү менен компания кыргызстандыктарга 1 миллион 872 миң рубль карызын төлөп берген.