Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште "Чыгармачыл бирликтер жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Тилаеванын демилгеси менен "Чыгармачыл бирликтер жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыйында мыйзам долбоорунун максаттары, сунушталып жаткан укуктук механизмдер жана бул багыттагы чет элдик алдыңкы тажрыйбаларды өлкөдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Кеңешмеге өлкөнүн улуттук жазуучулар, сүрөтчүлөр, композиторлор, архитекторлор, журналисттер союздарынын жетекчилери, ошондой эле Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Жыйынтыгында, катышуучулар бир катар сунуштары менен бөлүшүп, анын ичинен мыйзам долбоорунда каралган түшүнүктөрдү так аныктоо жана аны иштеп чыгуу, кабыл алуу процесстерин тездетүү зарылдыгына токтолушту.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан