Түркиянын AJet авиакомпаниясынын Анкара-Шанлыурфа каттамындагы учагынан жардыруучу зат тууралуу жазылган кат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда чет өлкөлүк маалымат каржаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуядан кийин учактагы 136 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү эвакуацияланган. Полиция учакты кылдат текшерип, аэропорттогу каттамдар убактылуу токтотулган.
Шанлыурфа провинциясынын губернатору Хасан Шулдактын маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында жардыруучу зат же башка кооптуу нерсе табылган эмес. Учак токтотмо жайга чыгарылып, аэропорттун иши кайра жанданды.
Учурда окуя боюнча тергөө жүрүп жатканы маалым болду.