Бишкек шаарында Чүй проспектинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолдун үстүңкү катмары жаңыланып, эки катмар асфальт төшөлдү. Ошондой эле ирригациялык тармактар жаңыланып, бордюрлар алмаштырылып, жол белгилери түшүрүлдү.
Учурда аталган тилке унаа кыймылы үчүн толугу менен ачык.