Биз социалдык тармакта

Өзгөндө калдыктары каналга агып жаткан мал союучу жай көчүрүлдү (видео) 

Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан эски мал союучу жай жабылып, мал союу иштери жаңы жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, эски имараттын септиги толуп калгандыктан, кан калдыктары каналга агып чыккан. Буга байланыштуу мекеменин ишмердүүлүгү токтотулуп, мал союу иштери жаңы курулган мал союучу жайда жүргүзүлө турган болду.
Эске салсак, 5-октябрда интернет булактарында Өзгөн районундагы мал союучу жайдан чыккан кан калдыктары чоң каналга агып жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.
Өзгөндө калдыктары каналга агып жаткан мал союучу жай көчүрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан