Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен эркин журналист Ыдырыс Исаковдун дебаты 7-октябрда саат 19:00дө УТРКнын түз эфиринде көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда телеканалдын жетекчиси Улан Сатиев билдирди.
Маалым болгондой, эки тарап тең дебатка катышууга макул болгон. Анда коомчулукту кызыктырган маселелер талкууланып, тараптар өз пикирлерин жана жүйөлөрүн ортого салышат.
Белгилей кетсек, 3-октябрда айыл чарба министри эркин журналист айыл чарба жаатында бир тараптуу маалымат берип жатканын айтып, аны дебатка чакырган. Исаков дароо макул болгон.