Непал бийлиги миңдеген адамдардын өмүрүн алган жаратылыш кырсыгынан кийин жүргүзүлгөн издөө куткаруу операциясын аяктаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Өзгөчө кырдаал борборунун башчысы Фаниндра Паудел кабарчыларга, издөө куткаруу операциясы бүтүп, калыбына келтирүү этабы башталгандыгы тууралуу билдирди.
Жалпы куткарылган адамдар 13 миңден ашык, ал эми дайынсыз болуп жаткандардын саны 5 миңден жогору.
Дайынсыз жоголгондорду мыйзамдуу түрдө "каза болду" деп жарыялоо маселеси буга чейин каралган. Бул алардын үй-бүлөлөрүнө же жакындарына камсыздандыруу, банктык жана башка юридикалык жол-жоболорду жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жаратылыш кырсыгы Непалдын алты аймагындагы жана Кытайдын Тибет автоном районундагы турак-жайларды, социалдык мекемелерди, инфратүзүмдөрдү талкалап кеткен.
Өлкөнүн премьер-министри Балендра Шах 24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, жардам сурады. Расмий маалыматка ылайык, аймакты калыбына келтирүүгө 4,78 миллиард доллар керек, анын 2,58 миллиард доллары энергетикалык объекттерди гана ондоого керектелет. Бирок Непал өкмөтү бул каражатты таба элек.