Биз социалдык тармакта

Конгодо эболадан улам 2 миңге жакын бала ата-энесинен ажыраганы айтылды

Конго Демократиялык Республикасынын чыгыш аймагында эбола вирусунун жайылышынан улам дээрлик 2 миң бала ата-энесинен же камкорчусунан ажырады. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Уюмдун маалыматына караганда, эпидемия башталган май айынан бери 1900дөн ашык бала ата-энесинин биринен же экөөнөн ажыраган.

29-сентябрга карата Конгодо балдар арасында эбола вирусун жуктурган кеминде 2076 учур катталган. Алардын ичинен 1162 бала каза болгон. Балдар бардык катталган учурлардын төрттөн биринен көбүн түзсө, өлүмдөрдүн болжол менен үчтөн бири балдарга туура келет.

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, эпидемиядан улам балдар инфекцияны жуктуруп алуу коркунучунда гана эмес, ата-энесинен ажырап калуу жана коомдогу стигматизация көйгөйүнө да туш болууда.

БУУ Конгонун чыгышында гуманитардык кризис курч экенин белгиледи. Вирус жайылып жаткан аймактарда болжол менен 4,4 миллион ички жер которгон адам жашайт.

Конгонун бийлигинин акыркы маалыматына ылайык, өлкөдө эбола вирусун жуктургандардын саны 8,5 миңден ашып, 4100дөн ашуун адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан