Францияда дүйнөдөгү эң кымбат китептердин бири деп эсептелген "Ыйык Иоанндын Апокалипсиси" китебинин Сальвадор Дали жасаган коло мукабасы уурдалды. Бул тууралуу кечээ, 5-октябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 4-октябрдан 5-октябрга караган түнү Иссуар шаарындагы заманбап искусство борборунда болгон. Коло мукабанын салмагы болжол менен 150 килограммды түзүп, анын баасы бир нече миллион еврого бааланууда.
Учурда полиция окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жаткандыгы маалым болду.